Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылында Чоң-Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришкендей, дарыянын жээктеринин 1000 метр аралыгы таш менен бекемделүүдө.
"Бул иштер жакын жайгашкан турак үйлөрдү, 5 гектар айдоо аянтын, конок үйлөрдү, эки ишкананы, көп жылдык мөмө дарактарды жана Бишкек – Каракол унаа жолунун 200 метр бөлүгүн суу ташкынынан коргоого багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Иштерди жүргүзүүгө ӨКМ тарабынан атайын техникалар тартылып, дарыя жээгин бекемдөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери улантылууда.