Түптө Ветеринардык кызматтын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 24 Ноябрь 2025 18:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Бүгүн Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын Түп районундук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Түп райондук ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү бөлүмүнүн эски имараты 1978-жылы салынып, аянты 50 чарчы метр болгон жыгач курулуш эч качан капиталдык оңдоодон өтпөй, авариялык абалга келген.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана жеке көзөмөлүнүн негизинде жаңы имаратты куруу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 73,3 млн сом бөлүнүп, курулуш иштери 2025-жылдын март айында башталган. Эки кабаттуу жаңы имаратта кызматкерлер үчүн кеңсе бөлмөлөрү, ветеринардык аптека жана архив жайгашкан.

Министр Төрөбаев өз сөзүндө Ысык-Көл облусунун ветеринардык системасы толук иштеп, био-каражаттар менен 100 пайыз камсыздалганын, эпизоотияга каршы иш-чаралар толук көлөмдө аткарылганын баса белгиледи. Быйыл 1 млн 869 миңден ашык малга профилактика, эмдөө жана дегельминтизация жүргүзүлгөн.