Түптө калың кардан улам сынып кеткен мектептин чатыры оңдолду – аким

Коом Загрузка... 21 Январь 2026 16:35

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Түп районунун Миң-Булак айылындагы калың кардан улам сынып кеткен мектептин чатыры оңдолуп, бекемделди. Бул тууралуу аталган райондун акими Тимур Мадяров “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, районго 1 метрден ашык кар түшкөндө мектептин чатырына күч келип, үч жеринен сынып кеткен. Мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында бүткөн. Курулуш иштерине кайрымдуулук фонд демөөрчүлүк кылган.

Аким белгилегендей, билим берүү мекемесинин документтери толук бүтө элек болгондуктан, окуучулар эски мектепте окуп жатышкан.

“Чатыр 20-январга караган түнү сынган. Азыр чатырды подрядчылар оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү. Эми комиссия менен мектептин бүтө элек жерлерин дагы карап чыгабыз. Бул маселе көзөмөлдө турат. Мектепти өткөрүп берүү иштери бүтө элек болгондуктан, балдар эски мектепте окуп жатышкан. Жаңы мектепте окуу процесстери баштала элек. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, былтыр декабрь айында аяктаган. Билим уясы эки кабаттуу, 150 орунга ылайыкталган”, - деди район жетекчиси.