Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Бүгүн, 1-августтан тартып жаңы муундагы "Тунгуч" онлайн мектебине кабыл алуу башталды.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, кабыл алуу Бишкек шаары, Токтогул кѳчѳсү 68 дареги боюнча дагы жүргүзүлѳт.
Министрлик кызыкдар болгондорго Кыргызстандын тарыхындагы биринчи онлайн мектепке документтерди онлайн режимде каттоо боюнча видеонускаманы сунуштайт.
Видеонускаманы Google аркылуу бул шилтеме менен көрүүгө болот.