Tunduk колдонмосунда жаңы санариптик документ пайда болду

Коом Загрузка... 30 Июнь 2025 12:15
352029_1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Эми Tunduk тиркемесинде өзгөчө сандардын комбинациясынан жана тамгалардан куралган мамлекеттик номерлерге болгон сертификат санариптик форматта жеткиликтүү болду.

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришкендей, документ жаранга өзгөчө символдору бар каттоочу номерлерге ээлик кылууга шарт түзөт.

Санариптик версия сертификатты алуу жолун жеңилдетип, кагаз түрүндөгү документти алып жүрүүдөн бошотот, документти ыңгайлуу сакталышын да камсыздайт.

Ал эми мурда берилген кагаз түрүндөгү сертификаттар өз күчүн жоготпойт жана анык бойдон кала берет.