Туманбаев мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу тартибин түшүндүрдү

Коом Загрузка... 15 Январь 2026 14:35

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырууда 083-формадагы медициналык маалымкаттын талап кылынбай тургандыгын белгилеген.

Бүгүн Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барып, андагы айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруунун жүрүшү менен таанышты. Анда ал жарандар менен баарлашып, кызмат көрсөтүүнүн тартибин кеңири түшүндүрүп берди.

Алгач ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун зарылдыгына токтолуп, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр санариптештирилген эместигин жана айрым коңшу мамлекеттерде таанылбай тургандыгын белгиледи. Ал эми бул документти өлкөнүн аймагынан тышкары пайдаланууда кыйынчылыктарды жаратат. Буга байланыштуу чет өлкөлөрдө айдоочулук күбөлүктү колдоно турган жарандар үчүн жаңы үлгүдөгү документке өтүү – аны мыйзамдаштыруунун жана эл аралык заманбап талаптарга шайкеш келтирүүнүн зарыл чарасы болуп саналат.

Андан сырткары, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктүн коргоо элементтеринин коопсуздук деңгээли төмөн экени белгиленди. Алардын көбүндө эски сүрөттөр колдонулгандыктан, адамды аныктоону татаалдатып, документти башка адамдар пайдаланып кетүү коркунучун жаратат. Ал эми жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр күчөтүлгөн коргоо элементтерине ээ болуп, мындай учурларды болтурбоого мүмкүндүк берет жана жол коопсуздугу кызматкерлеринин ишин да жеңилдетет.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев буга чейин “Түндүк” системасы аркылуу арыз тапшырганда 083-формадагы медициналык маалымкат автоматтык түрдө талап кылынганын белгиледи. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн дүйшөмбүдөн тарта бул талап эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процессинде системадан алынып салынарын айтты. Бул жарандарга үйдөн чыкпай эле онлайн форматта айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Сөзүнүн аягында ал кезек күтүүлөрдү болтурбоо үчүн жарандарды белгиленген тартипти сактоого чакырды:

  • айдоочулук күбөлүгү санариптештирилбеген жана “Түндүк” системасында көрүнбөгөн жарандар документтерин алмаштыруу үчүн жеке өзү кайрылуусу зарыл;
  • айдоочулук күбөлүгү “Түндүк” системасында көрүнгөн жарандарга алмаштырууну онлайн форматта жүргүзүү сунушталат.
  • Бул ыкма документтердин коопсуздугун жогорулатууга, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана мамлекеттик органдардын ишин иретке келтирүүгө багытталган.