"Түштүк Кыргыз цементи" ишканасына жер мыйзамдарын бузганы үчүн айып салынды

Коом Загрузка... 05 Июнь 2025 12:25
WhatsApp_Image_2025-06-05_at_10.39.45.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн «Түштүк Кыргыз цементи» ишканасына айып салынды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Ноокат районунун Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Түштүк Кыргыз цементи» ЖАКка текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Караван» тилкесинде топурак казууда жер кыртышынын түшүмдүү катмарын алуу жана сактоо эрежелери бузулгандыгы аныкталды. Анын жыйынтыгында, ишканага 17 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынган. Айып толугу менен өндүрүлдү.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна («Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибине») ылайык, жер кыртышына келтирилген зыян үчүн 300 000 сом өлчөмүндө доо коюлуп, каражат мамлекеттин бюджетине толугу менен түшкөн.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген көрсөтмөнүн негизинде жердин асылдуулугу баштапкы калыбына келтирилди.