Түштүк Кореянын тажрыйбасы: Аткаминерлердин ишин баалоо санариптештирилет

Коом Жүктөлүүдө... 08 Июль 2026 17:20
740741064_4434549893523320_2730717438002533549_n.jpg
740788151_1043352941500368_1320604850662509674_n.jpg
741092672_1020919027080086_2351455660801743831_n.jpg
741099540_882106051127193_2402978950230603210_n.jpg
741265998_1247620007336841_6249323989912599821_n.jpg
741395617_1560214039157176_7114221994016202628_n.jpg
741648557_2017007099179806_2601198287049699845_n.jpg
741906690_2046685359554638_6873871453996053529_n.jpg
742241778_1604767304322511_82182416171632337_n.jpg
742446423_2460294741139921_3087199530943625184_n.jpg
743252230_3071626743036900_4822546273168367519_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик кызмат агенттиги

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун баалоо системасы санариптештирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Түштүк Кореянын өнүктүрүү институтунун (KDI) биргелешкен Билим алмашуу программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасында белгилүү болду.

Агенттиктен билдиришкендей, жыйынга президенттин администрациясынын өкүлү Санжарбек Жумадылов, агенттиктин директорунун орун басары Барчынай Садирова, кореялык эксперт Ким Кван Жэ жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада кореялык эксперттер эл аралык тажрыйбага негизделген изилдөөнүн жыйынтыгын жана төмөнкү сунуштарын тааныштырышты:

  • баалоо механизмдерин өркүндөтүү;
  • кызматкерлердин ишин баалоодо объективдүүлүктү жана ачыктыкты жогорулатуу;
  • санариптик чечимдерди жана заманбап мониторинг системасын киргизүү.

Агенттиктин жетекчилиги кореялык кесиптештерине ыраазычылык билдирип, бул долбоордун жыйынтыктары өлкөдө кадрдык башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга түз өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.