Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кыргызстанга жыл сайын Түштүк Кореядан 20 миңге чукул турист келет. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ билдирди.
Анын айтымында, акыркы убакта Түштүк Кореяда K-tourism (кыргыз туризми) деп аталган багыт өзгөчө популярдуулукка ээ болууда. Бул тренддин жаралышына YouTube платформасында миллиондогон көрүүлөрдү топтогон видеороликтер чоң себеп болууда.

"Корейлер Кыргызстандын кооздугуна суктанып, өлкө тууралуу көбүрөөк билип, бул жакка саякаттоого ынтызар болуп жатышат. Өлкөгө кореялык белгилүү блоггерлер жигердүү келишүүдө, ал эми алардын Кыргызстан жөнүндөгү видеолору көрүүчүлөрдүн арасында чоң кызыгууну жаратууда", – деп белгиледи дипломат.
Элчи ошондой эле анын мекендештери көбүнчө өздөрү байкап көргөн жана жактырып калган багыттарды тандашарын айтты. Эң популярдуу локациялардын сабында Чолпон-Ата шаары, Соң-Көл көлү, Барскоон капчыгайы, Каракол жана Алтын-Арашан курорту бар.
"Корейлер тоо туризмин абдан жакшы көрүшөт, ошондуктан Кыргызстандын жаратылышы алар үчүн төп келет", – деп жыйынтыктады Кванджэ.