Бишкек, 01.02.26 /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш сапары менен Сокулук районунун Фрунзе айылындагы "Кыргызмамасылтукумзаводуна" барып, арыктаган айдоо аянттарын жакшыртуу боюнча мелиорациялык ыкманы киргизүү жана заманбап айыл чарба техникасын иштетүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Министрликтен билдиришкендей, "Кыргызмамасылтукумзаводунун" базасында ресурсту үнөмдөөчү дыйканчылык тутумунда колдонулган жер кыртышын терең жумшартуучу агрегаттын иши көрсөтүлдү.
Бул техника топуракты 40–70 см тереңдикте жумшартып, айдоо жердин алдындагы тыгыз катмарды бузат, топурактын суу өткөрүмдүүлүгүн камсыздап, нымдуулукту кармап берет жана жер кыртышындагы аба алмашууну жакшыртып, өсүмдүктөрдүн тамырларынын жакшы өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Технология айдоо алдындагы даярдыкта да, ошондой эле тыгыздалып, катмары катып калган жерлерди калыбына келтирүүдө да колдонулат. Адистердин баалоосуна ылайык, заманбап мелиорациялык технологияларды киргизүү топурактын абалын жакшыртып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 30–35 пайызга чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Жаңы технологияларды сыноо иретинде ишке киргизүү учурунда министр Бакыт Төрөбаев жер айдоодон мурун мелиорацияны өнүктүрүү жана тармакты техникалык жактан жаңылоо азыркы агрардык саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.
"Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу илимий жактан негизделген жер иштетүү чеберчилиги аркылуу гана жүрүшү керек. Жер айдап, үрөн себүүнүн алдында топурактын абалын, анын азыктык заттарга болгон муктаждыгын так аныктоо үчүн сөзсүз анализ жүргүзүп, ошого жараша оптималдуу агротехникалык чечимдерди тандоо маанилүү", - деди ал.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Бакыт Төрөбаев мелиорацияны өнүктүрүү жана тармакты техникалык жактан жаңылоо мамлекеттик агрардык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик колдоонун алкагында 2025-жылы өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана асыл тукум чарбалары үчүн 2,5 млн АКШ долларына айыл чарба техникасы сатылып алынганы, ал техника лизинг шартында берилери айтылды.