Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. “Жылдын мыкты тарбиячысы — 2026” республикалык сынагынын төрт номинациясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөр "Ырыс-Ордодо" Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сыйланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сынактын жеңүүчүлөрүнө президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.
Сынактын жеңүүчүлөрү:
- “Жылдын мыкты тарбиячысы” — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Чолпон” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Зарена Сарбаева;
- “Жылдын мыкты методисти” — Бишкек шаарынын Ленин районундагы №21 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу Нуркыз Үсөн кызы;
- “Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими” — Баткен облусунун Раззаков шаарындагы №1 “Барчын” мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Асилай Усарова;
- “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” — Бишкек шаарынын Ленин районундагы №118 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Нурболот Өмүркулов.