Тротуарлар жана арыктар: Осмонкул көчөсүндөгү жол оңдоо иштери качан бүтөт?

Коом Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 18:12
747941295_1773900636987282_2042471847109870567_n.jpg
748740788_1320088846586059_4017056943417811604_n.jpg
749041927_2523241951523017_2743757540611930861_n.jpg
749878620_1050835130714019_8763701645071499325_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин кызуу улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1 400 метрди, ал эми туурасы 9 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында жол инфраструктурасын комплекстүү жаңылоо каралган. Маселен, көчөнүн эки тарабына тең жөө жүргүнчүлөр үчүн заманбап тротуарлар салынып, жаан-чачын сууларын натыйжалуу агызуучу ирригациялык арыктар орнотулат.

Капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктагандан кийин жолдун унаа өткөрүмдүүлүгү кескин жакшырып, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.