Троллейбустардын ордуна электробустар. Айырмасы эмнеде?

Коом Загрузка... 29 Август 2025 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Электробустардын троллейбуска караганда шаар үчүн артыкчылыктары көп. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине жол, транспорт жана курулуш тармагы боюнча эксперт Талант Садакбаев билдирди.

Анын айтымында, электр линиясына байланган троллейбуска салыштырганда электробустар маршрутуна жараша ар башка көчөлөр менен жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Бишкектин айланасындагы кийин түшкөн конуштарда троллейбус линиялары жок болчу. Азыр конуштарга, башка шаарларга чейин электробустар барат. Электробустардын каттамга чыгышы экологиялык таза шаар болууга оң натыйжасын берет. Ал гана эмес жарандарыбыз да акырындык менен электромобилдерге өтүшүүдө. Биринчиден электр унаалары түтүн, газ сыяктуу зыяндуу заттарды абага бөлүп чыгарбайт жана жүрүүдө ыңгайлуу. Бизге электробус өзгөчө пайдалуу себеби, өлкөдө гидроэлектр станциябыз бар болгондуктан электр энергиясы да суудан өндүрүлөт. Эң негизгиси табиятка зыяны тийбеген бул экологиялык транспорт шаар үчүн абдан ыңгайлуу”,- деди Садакбаев.

Белгилей кетсек, эффективдүү жана экологиялык жактан таза транспорт каражаттарын колдонуу шаардагы ыңгайлуу жашоонун негизи болуп саналат. Акыркы жылдары газ менен жүрүүчү автобустар жана электробустар актуалдуу болууда анткени, абанын булганышын азайтып, чыгымдарды кыскартат. Бирок, шаар үчүн көнгөн троллейбустар же электробустар ыңгайлуубу деген суроо жаралып келет. Эки транспорттун түрүн салыштырып, негизги айырмачылыктарын жана артыкчылыктарын талдап көрсөк.

Адистин пикиринде экөөнүн тең негизги максаты экологиялык жактан таза, үнөмдүү жана шаарда ыңгайлуу каттамды камсыз кылуу. Бирок, алардын иштөө механизми менен инфраструктуралык талаптары айырмаланат.

Троллейбус – иштөө учурунда электр энергиясын электр линиялары аркылуу алат. Ар бир троллейбус линияга туташып, кыймылда үзгүлтүксүз энергия менен камсыздалат.

Электробус - бул электр энергиясы менен иштеп, энергияны кайра заряддалуучу батареяларда сактаган автобустар. Аларды тез кубаттоочу станцияларда, троллейбустардын токтотмо жайында кубаттоого болот. Электр автобустары толугу менен автономдуу жана толтурулган кубаттуулугу менен көз карандысыз абалда иштейт.

Троллейбустардын негизги артыкчылыктары:

  1. Троллейбустар туруктуу энергия булагы болгон электр зымдары аркылуу электр энергиясын алып иштегендиктен, бул туруктуу иштөөнү камсыз кылат.
  2. Жөнөкөй түзүлүшү жана чоң аккумуляторлорунун жоктугуна байланыштуу троллейбустар электробустарга караганда узак убакыт кызмат кылат.
  3. Троллейбус өзүнүн электр зымдары аркылуу жүргөндүктөн, электро автобустардагыдай мезгили менен аккумуляторду алмаштыруу чыгымдары болбойт.
  4. Троллейбустар электр энергиясын колдонгондуктан, табиятка зыяндуу газдарды бөлүп чыгаруу деңгээлин кыскартат.

Электробустардын негизги артыкчылыктары:

  1. Электробустар троллейбустардай электр зымдарына байланбагандыктан, мобилдүү, шаардын каалаган жеринде жүрүү мүмкүнчүлүгү бар.
  2. Электр автобустарынын каттамдардагы багытын өзгөртүүдө кыйынчылык жаралбайт. Каттамдын маршруттун өзгөртүү оңой.
  3. Электробустар абанын булганышына терс таасирин тийгизбейт. Электр энергиясы менен иштеп, энергияны кайра заряддалуучу батареяларда сактайт, экологиялык жактан таза.
  4. Электробустардын иштөө учурунда үнү башка транспорт каражаттарына караганда акырын чыккандыктан, шаардагы ызы-чууну азайтуу үчүн да маанилүү. Ошондой эле инфраструктуралык чыгымдарды азайтууга да өбөлгө болот.

Артыкчылык, айырмачылыктарга карабастан, шаардык каттамдарга электробустардын кириши бул убакыттын талабы экенин эколог Анара Султангазиева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Маалымдалгандай, бул аракеттер өзгөчө кышкысын Бишкекти каптаган түтүн көйгөйүн чечүүнүн бир жолу жана шаар тургундары үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарт.

“Негизинен троллейбустар менен электробустардын айырмасы деле жок, экөө тең экологияга зыян келтирбейт. Мындан 4 жыл мурда Алматы шаарына барып азыркы биздегидей аялдамаларды, электробустарды көрүп өзүмчө арданып, бир чети суктанып келгем. Мына азыр биз да ошого баратабыз. Электробустардын артыкчылыктарына токтолсок, алар мобилдүү, ылдам жүрүп, шаардын конуштарына чейин бара алат. Троллейбустар болсо линиялар менен чектелип, шаар ичинде гана жүрүшчү. Заманбап электробустар сапаттуу, ичинде муздаткычы менен болуп жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болсо бул эң сонун. Экологияга таптакыр зыяны жок, электробустар менен электромобилдерден эч кандай жыт, түтүн бөлүнүп чыкпайт. Шаарды каптаган түтүн маселеси көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу жарандарыбыз да электромобилдерди колдонууга өтүшүүдө. Азыр эми мамлекет өзү электробустарды алып келүүсү жакшы көрүнүш”,- деди эколог.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкек шаарынын мэриясы электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборун ачты. Иш-чарага катышкан президент Садыр Жапаров акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000ден ашуун автобус сатып алынгандыгын жана Бишкекке 120 жаңы электробус алынып келингендигин айтты. Бул аракеттер шаарлыктарды, шаар конокторун үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөгө өбөлгө түзөт.

Жыйынтыктап айтсак, троллейбус - тарыхый жана ишенимдүү транспорт түрү бирок, аны кармап отурбастан заман талабына ылайык жаңы транспорт каражаттарын колдонуу зарылчылыгы жаралды. Ал эми электробус – заманбап, мобилдүү жана инфраструктуралык жактан да үнөмдүү чечим. Бүгүнкү күндө көп шаарлар электробустарга өтүп эркин каттамды, зымсыз эстетиканы жана энергияны натыйжалуу колдонууну тандашууда.