Троллейбус каттамдары өзгөрөт: Ошто А. Масалиев оңдоо иштери башталат

Аймак Загрузка... 06 Июль 2026 10:50
5282842858673085152_f4pYhh4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.07.26 /Кабар/. Ош шаарында 5-июлдан тартып А. Масалиев көчөсүндөгү жылуулук тармагынын бир бөлүгүн алмаштыруу иштери башталат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңылоо иштери шаарды алдыдагы жылытуу мезгилине даярдоо алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан №98 үйдүн маңдайындагы ТК-16 камерасына чейинки 825 метр жылуулук түтүгү алмаштырылат. Ошондой эле түтүктүн диаметри 325 миллиметрден 530 миллиметрге чейин кеңейтилет.

Оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда көчөнүн айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Буга байланыштуу №1 троллейбус каттамы убактылуу токтотулат. Ошол эле учурда Курманжан Датка көчөсүндөгү оңдоо иштери аяктагандан кийин №2 троллейбус каттамы кайрадан иштей баштайт.