Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. 10-11-июнунда Түркстанда Түрк дүйнөсүнүн реставраторлорунун жана тарыхчы-архитекторлорунун экинчи эл аралык симпозиуму өттү. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара түрк цивилизациясынын архитектуралык эстеликтерин изилдөө, сактоо жана реставрациялоого арналган.
Симпозиум түрк мамлекеттеринен келген архитектор, реставратор, окумуштуу жана эксперттер арасында тажрыйба алмашуу үчүн кесиптик аянтча түзүү максатын көздөйт. Симпозиумдун ачылыш аземине Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова, Түркстан облусунун акиминин орун басары Ертай Алтаев, ICESCO уюмунун мурас боюнча эксперти Осама Эльнахас, Казакстандын Маданият жана маалымат министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер катышты.
Анда “Түрк цивилизациясынын тарыхый-маданий мааниси жана эстеликтерин изилдөө” жана “Архитектура эстеликтерин сактоо жана реставрациялоо” деген темаларда панелдик сессиялар өттү.
Катышуучулар түрк цивилизациясынын эстеликтеринин тарыхый жана маданий маанисин, реставрациялык практикадагы санариптик чечимдерди, профилактикалык консервацияны жана маданий мурастарды сактоонун дисциплиналар аралык мамилелерин талкуулашты.
Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгриянын адистери өздөрүнүн жетишкендиктери менен да бөлүштү.