ТүркПАнын кийинки пленардык отуруму Кыргызстанда өтөт

Саясат Загрузка... 12 Июнь 2025 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын 2026-жылдагы жыйындарын Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн Астанада өткөн ТүркПАнын кезектеги отурумунда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Парламенттен белгилешкендей, төрага "TURKTIME: парламенттик дипломатиянын ролу" деген ураан алдында өткөн жыйындын маанилүүлүгүн белгилеп, түрк мамлекеттери заман чакырыктарына ылайык, келечекке биргеликте кадам шилтеши керектигин кошумчалады.

“Кыргызстан ар дайым боордош түрк мамлекеттери менен болгон бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Бүгүнкү жыйын дагы бир жолу көрсөткөндөй, парламенттер ортосундагы диалог бул тектеш калктардын ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуунун жана саясий жакындашуунун негизги аянтчасы болуп эсептелет”, - деген төрага каралган маселелерге учкай токтолду. 

Тагыраагы Нурланбек Тургунбек уулу боордош мамлекеттердин парламент төрагалары менен бирге аймактык жана глобалдык коопсуздук, миграция жана жаштар саясаты, климаттын өзгөрүшү жана жашыл күн тартиби өндүү маселелер боюнча пикир алышканын сөз кылды.