Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Казакстан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөр үчүн санариптик кодекстин үлгүсүн иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу Казакстан Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай Бишкекте өткөн ТүркПАнын XV пленардык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул документ мүчө мамлекеттердин санариптик укук боюнча бирдиктүү негизин түзүүгө өбөлгө болот. Казакстандын Мажилис депутаттары бул кодексти ТүркПАдагы кесиптештери менен бирге иштеп чыгууга даяр.
"Ошондой эле түрк мамлекеттеринде жасалма интеллектке негизделген IT-хабдардын тармагын түзүү, санариптик коопсуздук боюнча кеңеш уюштуруу жана жаңы технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташууну күчөтүү маанилүү", – деди ал.
Дадебай Казакстанда Санариптик кодекс күчүнө кирип, мамлекеттик кызматтардын 90%дан ашыгы онлайн форматка өткөнүн кошумчалады.