Гафарова: Түрк мамлекеттери киберкоопсуздукту күчөтүшү керек

Коом
Гафарова: Түрк мамлекеттери киберкоопсуздукту күчөтүшү керек
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттери жасалма интеллект, санариптештирүү жана киберкоопсуздук боюнча кызматташтыкты активдештириши керек. Бул тууралуу Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарова Бишкекте өткөн ТүркПАнын XV пленардык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жасалма интеллект мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатканы менен, киберкоопсуздук жана маалыматтарды коргоодо жаңы чакырыктарды жаратууда.

Сахиба Гафарова Азербайжанда санариптик өнүгүү артыкчылыктуу багыт катары аныкталып, Санариптик өнүгүү кеңеши түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле Милли Межлисте электрондук добуш берүү, электрондук документ жүгүртүү жана айтылган сөздөрдү автоматтык түрдө текстке айландыруучу жасалма интеллект технологиялары колдонуларын кошумчалады.

ТүркПА алкагында 2009-жылдан бери олуттуу укуктук база түзүлүп, бул жыйында дагы төрт үлгүлүү мыйзам каралууда.