Түркиянын вице-президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келди — Кабар

Түркиянын вице-президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Саясат 17 сентябрь 2025 17:04
68ca90a2e4c79-thumb.jpeg
68ca909e09a96-thumb.jpeg
68ca90a64f769-thumb.jpeg
68ca90a94b5a4-thumb.jpeg
68ca90a509ec6-thumb.jpeg
68ca90a9343c1-thumb.jpeg
68ca90a2d4745-thumb.jpeg
68ca90a11aa40-thumb.jpeg
68ca909f23c07-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68ca90a2e4c79-thumb.jpeg
68ca909e09a96-thumb.jpeg
68ca90a64f769-thumb.jpeg
68ca90a94b5a4-thumb.jpeg
68ca90a509ec6-thumb.jpeg
68ca90a9343c1-thumb.jpeg
68ca90a2d4745-thumb.jpeg
68ca90a11aa40-thumb.jpeg
68ca909f23c07-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргызстанга келди.

"Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилип, килем төшөлдү. 

Белгилей кетсек, сапардын алкагында Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу болот.