Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Кыргызстанга келди

Саясат
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.10.26./Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга иш сапары менен келди. 

Боордош мамлекеттин парламентинин төрагасы жетектеген делегацияны «Манас» аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана депутат Жаныбек Аматов тосуп алышты.

Нуман Куртулмуш иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына да катышат.

Эскерте кетсек, эртең Бишкек шаарында ТүркПАнын кеңешинин отуруму жана XV пленардык жыйыны өтөт.