Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Анкарада IX Аялдар жана этномода жумалыгы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунан билдиришти.
Иш-чара тарыхый "Эстергон" комплексинде "Жибек жолундагы ТҮРКСОЙ" деген аталышта өттү.
Жумалык ТҮРКСОЙ уюму, TİKA жана Кечиөрен муниципалитети тарабынан уюштурулду.
Этномода жумалыгына түрк тилдүү өлкөлөрдөн жана автономдуу республикалардан келген 20 дизайнер катышты. Кыргызстандын атынан Нуржамал Асангулова, Залкарбек Аскаралы уулу, Татьяна Воротникова жана Асел Калканова өз эмгектерин тартуулап, кыргыз улуттук кийимдерин, оймо-чиймелерин жана заманбап этнодизайн чечимдерин эл аралык деңгээлде көрсөтүштү.
Түрк дүйнөсүнүн салттуу чеберчилигин жана маданий байланыштарын чыңдоону көздөгөн бул программа Анкарадагы иш-чаралардан кийин Каппадокия жана Измир шаарларында улантылат.