Кыргыз-түрк ЭКСПО көргөзмөсүн уюштуруу пландалууда

Экономика 16 октябрь 2026 10:50
853003811_1531137725699247_8300937689607601482_n.jpg
848881594_1531137709032582_6580612636204655605_n.jpg
853441276_1531137712365915_6991284328911153022_n.jpg
Алдыга
Артка
853003811_1531137725699247_8300937689607601482_n.jpg
848881594_1531137709032582_6580612636204655605_n.jpg
853441276_1531137712365915_6991284328911153022_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз-Түркия Ишкер кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйын эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Ишкердик иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга 20дан ашык түрк ишкерлери келишти. Кеңештин жыйынына эки өлкөдөн 30дан ашык бизнес өкүлдөрү катышты.

Бул жылкы жыйындын өзгөчөлүгү анын KYRGYZSTAN EXPO 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN 2026 эл аралык көргөзмөлөрүнүн алкагында өткөрүлүшү болду. Түрк компаниялары да көргөзмө программасына катышып, өз продукцияларын көрсөтүү, кыргызстандык өнөктөштөрү менен түз байланыш түзүү жана кызматташуу келечегин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Сүйлөшүүлөр инвестицияларды тартуу, биргелешкен ишканаларды түзүү, экспортту кеңейтүү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине арналды. Өзгөчө кызыгуу энергетика, жашыл экономика, органикалык айыл чарба, өнөр жай жана курулуш тармактарына багытталды. Дал ушул тармактарда тараптар өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатышат.

Талкууланган демилгелердин бири - продукцияларды жарнамалоо, инвесторлорду табуу жана бизнес келишимдерди түзүү үчүн кошумча платформа катары кызмат кыла турган өзүнчө Кыргыз-түрк ЭКСПО көргөзмөсүн уюштуруу болду.