Кыргызстан Түркиянын Улуттук китепканасына китептерди тапшырды

Маданият Загрузка... 05 Февраль 2026 14:42
11.webp
copyright icon Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги 4-февралда Түркиянын президентине караштуу Улуттук китепканага кыргыз элинин бай тарыхый, маданий жана руханий мурасын чагылдырган ар кыл жанрдагы китептерди өткөрүп берди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, китепкананын фондун толуктоо максатында көркөм чыгармалар, илимий басылмалар, ошондой эле сөздүктөр жана энциклопедиялар берилди.

Китептерди тапшыруу аземине Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин кызматкерлери жана Түркиянын президентине караштуу Улуттук китепкананын жетекчилиги катышты.

Адабияттарды өткөрүп берүү маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана кыргыз тарыхый-маданий мурастарын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган.