Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Учурда Түркиядагы нааразылык акциялары уланып, ага катышкан 2 миңге жакын адам кармалды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Агенттиктин маалыматына ылайык, алардын ичинен 260 адам камакта, соттук териштирүүнү күтүүдө, 662 адамдын иши соттук териштирүүдө, ал эми 489 адам бошотулган.
Демонстранттардын баары укук коргоо органдарына каршылык көрсөткөн деген айып менен кармалган.
Ошондой эле, Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая массалык нааразылык акциялары учурунда 150 полиция кызматкери жаракат алганын билдирген.
Эске салсак, Түркияда массалык нааразылык акциялары Стамбулдун мэри жана оппозиция лидерлеринин бири Экрем Имамоглу кармалып, андан кийин камакка алынгандан кийин башталган.
Стамбулда чогулуштарга жана митингдерге тыюу салынды. Бирок ага карабастан өлкөнүн бир катар провинцияларында нааразылык акциялары өтүүдө. 23-мартта Экрем Имамоглу Түркиянын президенттигине талапкер катары көрсөтүлгөн.