Камакка алынган Стамбул шаарынын мэри кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди

Дүйнө Загрузка... 24 Март 2025 12:17
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Кечээ, 23-мартта коррупция жана террорчулук иштерине шектелип камакка алынган Түркиянын Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер башкармалыгынын расмий баракчасына жарыяланды.

Буга чейин шаар башчысы коррупция жана террорчулук иштерин уюштурууга көмөктөшкөн деген жүйөө менен 19-мартта кармалып, аны менен кошо жүз адамды, анын ичинде мэриянын басма сөз катчысын кошо кармоого ордер берилген.

Имамоглунун кармалышына байланыштуу Түркиянын бир нече шаарында жүз миңдеген адамдар нааразычылык акцияларына чыгып, 22-мартта 300дөн ашуун адам кармалган. Ошондой эле кечээ, 23-мартта шаар башчысы камакка алынганы белгилүү болду.

Ал эми өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган бул нааразычылык акцияларын мыйзамсыз жана демократияга каршы деп сыпаттап, “Демократия менен улуттун эркине каршы чыгуу менен биз эч нерсеге жетпейбиз”, - деген оюн билдирген.