Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Анкара губернаторунун кеңсеси 26-марттан 1-апрелге чейин массалык акцияларды, чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу “ТАСС” маалымат агенттиги жазды.
“26-мартта саат 00:00дөн баштап 1-апрелдин саат 23:59га чейин имараттын ичинде жана сыртында массалык чогулуштарды, демонстрацияларды, жүрүштөрдү, отуруу акцияларын, кол топтоо өнөктүгүн жана ушул сыяктуу акцияларды жана иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат”,-деп айтылат Анкара губернаторунун билдирүүсүндө.
Эске салсак, буга чейин Анкара, Стамбул жана Измирдин бийликтери 23-мартта Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышына байланыштуу нааразылык акцияларына байланыштуу массалык жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган. Ал кармалган 19-марттан бери Түркиянын шаарларында оппозициянын митингдери жана Имамоглуну колдогон демонстрациялары күн сайын өтүп келет. Айрым нааразылык акциялары демонстранттардын айрымдары менен полициянын кагылышы менен аяктоодо.