Өлкөгө айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети 15 октябрь 2026 08:00
Өлкөгө айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Токтомдун максаты жана милдети үчүнчү өлкөлөрдөн убактылуу импорттоого тыюу салынган товарлардын тизмесин каралып жаткан продукциялардын өзгөчөлүктөрүн жана ички рыноктун муктаждыктарын эске алуу менен тактоо жана кеңейтүү аркылуу ички рынокту курулуш материалдарынын зарыл болгон түрлөрү менен камсыз кылуу. 

Документке ылайык, тыюу салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлордун алкагында импорттолгон товарларга жайылтылбайт, ошондой эле министрлер кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ташып келинүүчү, тиешелүү долбоорго бекитилген жооптуу куратордун товарлардын ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн ташып келингендигин ырастоочу расмий каты болгон учурда.