Ташкент, 26.02.25. /Кабар/. Өзбекстан дүйнөлүк каржы рынокторуна жалпы суммасы 1,5 млрд доллар болгон кезектеги эл аралык облигацияларын жайгаштырды, деп билдирет өлкөнүн экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматы.
18 жана 20-февралда Лондондо 7 жылдык АКШ доллары, 4 жылдык евро облигациялары жана 3 жылдык улуттук валютадагы облигациялар боюнча тендерлердин ачылышы жарыяланды.
Өзбекстандын эл аралык облигацияларын сатып алууга арыздардын жалпы көлөмү 4,2 млрд долларга жетти.
Тактап айтканда, 500 млн долларлык жети жылдык облигациялар 6,95% менен, 500 млн еврого 5,1%дык төрт жылдык облигациялар жана 15,5% пайыздык үстөгү 6 триллион сумга (463 млн доллар) улуттук валютадагы үч жылдык облигациялар жайгаштырылды.
Чогулган каражаттар 2025-жылга карата мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын каржылоого, ошондой эле коммерциялык банктарды керектүү ресурстар менен камсыздоо аркылуу ипотекалык программаны колдоого жумшалат, деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Өзбекстан 2021-жылдан 2024-жылга чейин 1,2 млрд долларлык эларалык облигация жайгаштырган.