Түркиянын Каппадокия туристтик жайында аска кулап, эки адам каза болду. Жаракат алгандар бар экенин жергиликтүү Daily Sabah басылмасы бийлик өкүлдөрүнө шилтеме менен билдирди.

Туристтер арасында популярдуу "Пери мор" аттуу асканын бир бөлүгү кечээ, саат 15:15те Гёреме ачык асман алдындагы музейинин кире бериш жерине кулаган. Окуя аймагында полиция, жандармдар, дарыгерлер жана куткаруучулардын катышуусунда издөө-куткаруу иштери уланууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча нөшөрлөгөн жаан-чачын жана топурактын эрозиясы кырсыктын себеби болушу мүмкүн.

Каппадокиядагы Гёреме ачык асман алдындагы музейи Византия доорундагы эң ири монастрдык комплекс болуп саналат. Ал үңкүр чиркөөлөрүнөн, диний иш-чара жайлары жана байыркы фрескалары бар жанар тоо оюгундагы ашканалардан турат. Ал ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирет.