Суу астындагы тарых: Тору-Айгыр тууралуу эл аралык изилдөө жарыяланды

Дүйнө
Суу астындагы тарых: Тору-Айгыр тууралуу эл аралык изилдөө жарыяланды
copyright icon Россия географиялык коомунун маалымат кызматы

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Ысык-Көлдүн күңгөй жээгиндеги байыркы Тору-Айгыр айылынын чөгүп кетүү себептери боюнча жана анын тарыхын калыбына келтирүүгө жардам бере турган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө макаланы түркиялык Anadolu агенттиги жарыялады.

Басылманын журналисти Россия географиялык коомунун колдоосу менен изилдөө жүргүзүп жаткан кыргызстандык жана россиялык адистер менен баарлашкан.

Тору-Айгыр айылы Ысык-Көлдүн түндүк-батыш бөлүгүндөгү ушул эле аталыштагы айылдын жанында жайгашкан, болжол менен 5 чарчы чакырым аянтты ээлеген орто кылымдагы ири археологиялык комплекс. Бул конуш 10-13-кылымдарда эле Улуу Жибек жолунун түндүк тарабындагы маанилүү соода жана кол өнөрчүлүк борбору болгон. Комплекс 15-кылымда сууга чөгүп кеткен деп айтылып келет.

“Суу астындагы изилдөөлөрдүн алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Ысык-Көлдүн түбүндөгү орто кылымдык Тору-Айгыр айылы катуу жер титирөөнүн натыйжасында заматта суу астында калган болушу мүмкүн”, - деп жазды Anadolu агенттиги изилдөөчүлөргө шилтеме менен.

Басылма кырсыктын так датасы азырынча аныктала электигин белгилеген. Ал эми талдоого жөнөтүлгөн органикалык материалдардын алгачкы үлгүлөрү XII кылымга таандык деп алдын ала аныктама берилген. Учурда окумуштуулар органикалык материалдардын жашын жана окуялардын хронологиясын тактоого аракет кылышууда.

Anadolu агенттиги адистер Тору-Айгыр айылынын жок болуп кетүү себеби катары дагы бир сценарийди карап жатышканын белгилеген. Ал дренаж системасына таасир эткен тектоникалык өзгөрүүлөрдөн улам көлдүн деңгээлинин акырындык менен көтөрүлүшү. Бул гипотезаны текшерүү үчүн бир катар изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек.

Изилдөөчүлөрдун айтымында, мындай кубулуштарды изилдөө Ысык-Көлдүн топографиясына жана жээгине байыркы жер титирөөлөрдүн мүмкүн болгон таасирин баалоого жардам берет.

Түркиялык ири басылма Кыргызстандын Ысык-Көл аймагындагы жана Тянь-Шандагы байыркы жер титирөөлөр боюнча маалыматтар чектелүү экенин, Тору-Айгырды изилдөө ири сейсмикалык окуялардын кайталанышын жана аймактык сейсмикалык коркунучту түшүнүүнү тактоого жардам бере турганын белгилеген.

Макала Anadolu агенттигинин социалдык тармактардагы баракчаларына да жайгаштырылган.