Акыркы он жылда ысыктан каза болгондордун саны өстү

Дүйнө
Акыркы он жылда ысыктан каза болгондордун саны өстү
copyright icon БУУ

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча 710 миң адам ысыктан каза болгон. Бул туурасында БУУнун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди. Изилдөөнү Лондон университети баш болгон 100дөн ашык мекеменин илимпоздору жүргүзүшкөн. Отчет Түркиянын Анталия шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясын (COP31) утурлай жарыяланды жана климаттык аракеттерди күчөтүүгө жардам бериши керек.

Ири масштабдагы изилдөөнүн корутундусу чагылдырылган Lancet Countdown отчетуна ылайык, Париж келишиминен (2015) кийинки жылдары ысыктан улам каза болгондордун орточо жылдык саны мурунку он жылдыкка салыштырмалуу дээрлик 36 пайызга өскөн. Авторлор ошондой эле кургакчылыктын, сууга байланыштуу экстремалдык окуялардын таасиринин күчөшүн жана олуттуу экономикалык жоготууларды белгилешкен.

2025-жылы ысыктан улам болжол менен 573 миллиард жумуш убактысы кыскарып, келтирилген зыян 1,07 триллион долларга бааланууда.

Отчетто климаттын өзгөрүшүн ооздуктоо үчүн иш-аракеттер өтө аз жасалып жатканы көрсөтүлгөн. Дүйнөдөгү эң ири 100 мунай жана газ компаниялары 2040-жылга чейин 150 пайызга көп отун өндүрүүнү пландаштырууда. Бул ысыкты чектөө үчүн талап кылынгандан бир топ жогору – дээрлик 138 пайыз.

Изилдөөнүн авторлору мындай кооптуу маалыматтар климаттын өзгөрүшү расмий түрдө дүйнөлүк саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал катары таанылышы керектигин белгилешет. Артыкчылыктуу иш-аракеттерге парник газдарынын чыгарылышын азайтуу, адаптацияны колдоону кеңейтүү жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугуна инвестицияларды көбөйтүү кирет.

Изилдөөдө таза энергетикага жана климаттык аракеттерге салынган инвестициялар ден соолукка пайда алып келе баштаганы аныкталган. Булгануу азайган 70 өлкөдө жыл сайын болжол менен 323 миң адамдын өлүмүн алдын алууга мүмкүн болгон.

Өткөн жылы жашыл энергетикага салынган глобалдык инвестиция рекорддук 2,1 триллион долларга жетти. Бул тармактагы жумуш орундары 2024-жылга чейин 2,3 пайызга өсөт деп күтүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо системалары дагы климаттын өзгөрүшүнө туруктуу болуп бара жатат. Көп өлкөлөр улуттук саламаттыкты сактоо жана адаптация пландарын кабыл алып, климатка негизделген эрте эскертүү системаларын ишке ашырууда. 2000-жылдан бери климат жана саламаттыкты сактоо мыйзамдарынын саны болжол менен 50 эсеге көбөйдү, алардын көпчүлүгү 2016-жылдан кийин кабыл алынган.

Сентябрь айынан бери БУУнун Дүйнөлук саламаттык сактоо уюму Эль-Ниньо кубулушунун кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгууга даярданып келет.