Молдованын мамлекеттик санарип кызматтары кибер чабуулга кабылды

Дүйнө
Молдованын мамлекеттик санарип кызматтары кибер чабуулга кабылды
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Молдованын президенти Майя Санду өлкөнүн мамлекеттик санариптик кызматтарына жасалган ири масштабдуу кибер чабуулдан улам Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары хакерлер болжол менен 750 миң жарандын жеке маалыматына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын билдиришүүдө.

Молдованын мамлекеттик кызматтарына жасалган кибер чабуулдар 19-октябрдан 23-октябрга чейин созулуп, мамлекеттик кызматтарга 11 миллионго жакын суроо-талап түшкөн. Уруксатсыз аракеттер 25 жана 27-октябрда кайталанган менен өз убагында бөгөт коюлган. Окуядан кийин бийлик 82 мамлекеттик санариптик кызматты текшерип, алардын 30га жакынын убактылуу өчүргөн.

Молдованын Электрондук башкаруу агенттиги чабуулчулар болжол менен бир миллион жарандын идентификациялык номерлери боюнча маалымат алууга аракет кылышканын билдирген. Уурдалган маалыматтарга жарандардын аты-жөнү, фамилиясы, сүрөттөрү, туугандары жөнүндө маалымат, медициналык камсыздандыруу, пенсиялар, социалдык жөлөк пулдар жана майыптык макамы боюнча санарип документтер кирет. Айдоочулук күбөлүк, унаа боюнча маалыматтар да ачыкка чыгып кетиши мүмкүн.

Өлкөнүн президенттик администрациясы кибер чабуул жасалма интеллектти колдонуу менен жасалган болушу мүмкүн деп билдирди. Жакынкы күндөрү Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт. Анда чабуулдун таасирин баалоо жана ага каршы чараларды иштеп чыгуу маселелери каралат.