Европада дизелдин баасы дагы кымбаттай турганы айтылды

Дүйнө
Европада дизелдин баасы дагы кымбаттай турганы айтылды
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Европада дизелдик отундун дүң баасы жакынкы апталарда кайра көтөрүлүшү мүмкүн. Перс булуңундагы мунай өндүрүшүнүн калыбына келгенине карабастан, ташып келүүдөгү үзгүлтүк мунай рыногундагы чыңалууну 2027-жылга чейин кармап турат. Бул туурасында Эл аралык энергетикалык агенттиктин акыркы айдагы отчетунда белгиленген.

Энергетикалык регулятордун отчетуна ылайык Перс булуңунан мунай менен камсыздоонун калыбына келиши отун тартыштыгын жеңилдете алган жок. Дүйнөлүк өндүрүш дагы дэле керектөөсүн жаба албай жатат.

Агенттик сентябрда суроо-талап суткасына 2,5 миллион баррелге көбөйүп, 102,3 миллион баррелге жеткенин билдирет. Булуңдун Сауд Аравиясы баштаган өлкөлөрүнөн Европа тарапка мунай экспортунун кескин өскөнүнө карабастан 103,5 млн баррелдик дүйнөлүк талап толук камсыздалбай келет.

Ушул жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккусуна байланыштуу башталган аймактагы каатчылык соңуна чыга элек. Иран дүйнөдөгү мунай экспортунун бештен бир бөлүгү өткөн Ормуз кысыгын жаап койгон.

Мунай рыногу үчүн эл аралык эталон болгон Brent маркасынын баасы бул жумада болжол менен 1% кымбаттап, бир баррель үчүн 107 доллардан ашкан.