Дүйнөдө мунайдын баасы көтөрүлдү

Дүйнө
Дүйнөдө мунайдын баасы көтөрүлдү
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Бүгүн Brent маркасындагы мунай фьючерстеринин баасы бир баррелине 116,17 долларды түздү. Акыркы маалыматтар боюнча нарк 1,29 долларга же 1,12%га жогорулады.

WTI чийки мунайынын баасы баррелине 103,43 доллардан сатылып, 1,43 долларга же 1,4%га кымбаттады.

Ошол эле учурда, Орусиянын Urals чийки мунайынын баасы баррелине 110,48 долларга чейин төмөндөп, 1,08 долларга же 0,97%га арзандады.

Ормуз кысыгындагы кемелер менен жүк ташуудагы тобокелдиктер рыноктун тынчсыздануусун жаратууда. Европада дизелдик отундун дүң баасы жакынкы апталарда кайра көтөрүлүшү мүмкүндүгү Эл аралык энергетикалык агенттигинин акыркы айдагы отчетунда белгиленген.

Агенттик сентябрда суроо-талап суткасына 2,5 миллион баррелге көбөйүп, 102,3 миллион баррелге жеткенин билдирет. Булуңдун Сауд Аравиясы баштаган өлкөлөрүнөн Европа тарапка мунай экспортунун кескин өскөнүнө карабастан 103,5 млн баррелдик дүйнөлүк талап толук камсыздалбай келет.

Ушул жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккусуна байланыштуу башталган аймактагы каатчылык соңуна чыга элек. Иран дүйнөдөгү мунай экспортунун бештен бир бөлүгү өткөн Ормуз кысыгын жаап койгон.