Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Түркиянын Йозгат провинциясынын Йенифакылы районунда жашаган этникалык кыргыздар тарабынан Кыргыз маданияты фестивалы уюштурулду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев катышты.
Иш-чаранын коноктору катары Түрк мамлекеттери менен тышкы байланыштар боюнча башкармалыктын жетекчиси Куршад Зорлу, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, Йозгат провинциясынын губернатору Мехмет Али Озкан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, этникалык кыргыздар, ошондой эле Түркиянын жарандары жана чыгармачыл, илимий интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты.
Фестиваль учурунда кыргыз эл ырлары жана салттуу музыкалык аспаптарда аткарылган чыгармалар жаңырды. Иш-чара кыргыз улуттук бийлери, улуттук кийимдердин көрсөтмөсү жана элдик оюндар менен коштолду.
Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык мамилеси стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн билдирип, бул байланышты эки боордош элдин тарыхы, тили жана маданиятынын ортоктугу түптөп жатканын баса белгиледи.
Мындан тышкары, Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында Кыргызстан түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы биримдикти бекемдөө жана ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү багытында саясий, экономикалык жана маданий демилгелерди илгерилетүү боюнча олуттуу аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында Түркия аймагында жашаган этникалык кыргыздардын эки боордош мамлекеттин маданий жана тарыхый байланыштарын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу өзгөчө белгиленди.