Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Кабар" агенттигине өлкө аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Түркияда жалпы 8 шайлоо тилкеси ачылган. Алар Кыргызстандын Анкара шаарындагы элчилигинде, Стамбул жана Анталия шаарларындагы Башкы консулдуктарында, ошондой эле Измир, Кайсери, Эскишехир, Бурса жана Алания шаарларындагы тилкелер.
"Мындай көп шайлоо тилкеси биринчи жолу ачылып жатат. Мурда негизги деп эсептелген Анкара, Анталия жана Стамбул шаарларында гана шайлоо тилкелери ачылчу", - деди ал.
Элчи Түркиянын Миграциялык кызматынын расмий маалыматына таянып, өлкөдө 33 миң кыргызстандык каттоодо турарын белгиледи.
"Бирок, келип-кеткендерди кошкондо 45 миңдин тегерегиндеги кыргызстандык өлкөнүн 82 облусунда жашашат. Алардын көпчүлүгүнүн добуш берүүгө шарты туура келбесе дагы, айрымдары 2-3төн болуп атайын 600-700 чакырым аралыктан автобус менен келип, добуш берип кетишүүдө. Шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүүгө бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деди Казакбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.