Түркияда ЖК депутаттарын шайлоо үчүн 8 тилке иштеп жатат

Шайлоо 30 Ноябрь 2025 14:37
590754851_1178314284439708_3428042070767827725_n.jpg
588327000_1178314247773045_9125810416917720524_n.jpg
587425236_1178314254439711_9132821600677126688_n.jpg
590808325_1178314251106378_7969362892692735189_n.jpg
591697778_1178314271106376_6575548203347313903_n.jpg
591716987_1178314277773042_5801369677161432552_n.jpg
591745834_1178314264439710_7737344096780607645_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Түркиянын аймагында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 8 шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • №9036 шайлоо тилкеси — Кыргызстандын Анкара шаарындагы элчилиги;
  • №9077 шайлоо тилкеси — Түркиянын Кайсери шаарында;
  • №9078 шайлоо тилкеси — Түркиянын Эскишехир шаарында;
  • №9035 шайлоо тилкеси — Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу;
  • №9079 шайлоо тилкеси — Түркиянын Бурса шаары;
  • №90 80 шайлоо тилкеси - Түркиянын Измир шаары;
  • №9056 шайлоо тилкеси - Кыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулдугу
  • №9081 шайлоо тилкеси — Түркиянын Алания шаарында.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев элчиликте ачылган №9036 шайлоо тилкесинде биринчилерден болуп добуш берди.

Түркиянын аймагындагы шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот.

Элчилик Кыргызстандын ар бир жаранын конституциялык шайлоо укугун ишке ашырууга чакырат.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.