Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Түркияда быйылкы жылдын экинчи чейрегинде туризм тармагынан түшкөн киреше былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6 пайызга азайды.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, өлкөнүн туризм секторундагы кирешенин төмөндөшү 2026-жылдын апрель-июнь айларындагы көрсөткүчтөр боюнча катталган.
Туризм Түркия экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп саналат жана өлкө үчүн маанилүү киреше булактарынын катарына кирет.