Түркияда мектептин жанында ок атуу болуп, 11 адам жабыркады

Дүйнө 22 сентябрь 2026 17:40
Түркияда мектептин жанында ок атуу болуп, 11 адам жабыркады

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Түркиянын Маниса провинциясынын Тургутлу районундагы мектептин жанында ок атуу болуп, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу Казинформ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Инжи Юзмез атындагы кесиптик-техникалык лицейдин жанында эртең менен болгон. Ок атуу тууралуу маалымат түшкөндөн кийин окуя болгон жерге полиция кызматкерлери жана тез жардам бригадалары жөнөтүлгөн.

Жабыркаган 11 адамдын баары жакынкы медициналык мекемелерге жеткирилген.

Окуяга шектүү адам укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Учурда окуя боюнча административдик жана соттук териштирүү башталды.

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз билдиргендей, улуттук билим берүү жана ички иштер министрлери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.