Түркияда Кыргызстандын курулуш тармагындагы инновациялар тааныштырылды

Коом 362 18 Июнь 2026 09:30
725860832_1515436103388767_8166717061095557711_n.jpg
724738444_1515436080055436_7128415168757784980_n.jpg
724992809_1515436073388770_5713896145025273618_n.jpg
726061576_1362887572442587_5080142798249781720_n.jpg
Алдыга
Артка
725860832_1515436103388767_8166717061095557711_n.jpg
724738444_1515436080055436_7128415168757784980_n.jpg
724992809_1515436073388770_5713896145025273618_n.jpg
726061576_1362887572442587_5080142798249781720_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация Анкарада "Түркиянын курулуш саммити – 2026" иш-чарасына катышууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган саммит курулуш тармагын өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.

Анда Нурдан Орунтаев Кыргызстандын курулуш тармагынын учурдагы абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу сөз сүйлөп, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инфраструктуралык долбоорлор, турак жай курулушунун өнүгүшүнө жана заманбап технологияларды киргизүүгө токтолду.

Мындан сырткары, министр кыргыз-түрк кызматташтыгын кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле эки өлкөнүн курулуш компаниялары ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтты.

Саммиттин алкагында Нурдан Орунтаев Түркиянын Куруучулар союзунун президенти Эрдал Эрен менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, курулуш тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана курулуш тармагына заманбап технологияларды тартууга өбөлгө түзөт.