Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолунун алкагында "Жаңы доордун жаратманы" аталышындагы маданий иш-чара өткөрүлдү.
ӨКМден билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарада “Аруу-Нур” коомдук фондунун негиздөөчүсү, насааткер Атыркүл Балбаева кыргыз элинин кылымдарды карыткан каада-салттарына, сандарды колдонуудагы философиялык маанисине, элдик ооз эки чыгармачылыгына кеңири токтолду.
Андан соң чач өрүүдөгү, кыз узатуудагы жөрөлгөлөр көрсөтүлүп, кыз-келиндердин баш кийимдериндеги жаш курагына ылайык өзгөчөлүктөрүн жана кыргыз саяпкерчилигин айтып беришти.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзүн сүйлөп, "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолун улантууга чакырды.
Ал өз сөзүндө, эне тилдин улуттук нарк-насилди, каада-салтты жана тарыхый мурасты муундан муунга жеткирүүдөгү ордуна токтолуп, кыргыз тилин урматтоо жана өнүктүрүү ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгиледи.
Соңунда “Аруу-Нур” коомдук фондуна министрликтин “Ыраазычылык каты” тапшырылды.