Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Нарын шаарында селден жабыркаган турак жайдын ээси камсыздандыруу төлөмү берилди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаар тургуну Асанбай Бабакановдун турак жайын сел каптап кеткенине байланыштуу 1 млн сом камсыздандыруу төлөндү.
Ошондой эле Нарын районунун тургуну Жаңыбай Нурдөөлөтовго "ОСАГО" боюнча, ал эми Нарын шаардык "Жашылдандыруу" ишканасына "КАСКО" боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаттары тапшырылды.