Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Түркиянын Мармара деңизиндеги Киналиади аралынын жээгинде катер күйүп кетти.
Казинформ кабарлагандай, катердин ичинде 16 киши болгон.
Маалыматка караганда, жалын кыска убакытта катердин бардык бөлүгүнө жайылып кеткендиктен, жүргүнчүлөр деңизге секирүүгө аргасыз болушкан.
Андан соң алар Жээк коопсуздук кызматынын бөлүктөрү тарабынан куткарылган.
Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда өрттү өчүрүү иштери улантылып жатат.
Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.