Түркияда Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата эл аралык медиа программа өтүүдө

Коом 16 июль 2025 11:00
6e007dcc-8b18-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
7a46e7c9-8360-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
9acece36-fd67-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
30d1c791-12fe-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
5493fe26-b8c5-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
86432d23-f3f3-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
a4520c9e-83de-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
e1bb3e47-1229-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
f3400d5f-09a1-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Анкара, 16.07.25. /Кабар/. Түркияда жыл сайын 15-июлда белгиленип келген Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата масштабдуу эл аралык медиа-программа башталды. Иш-чара Түркиянын президентинин байланыш башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, Анкара жана Стамбулда 18-июлга чейин өтөт.

Программага 200 журналист, анын ичинде Түркиянын 81 провинциясынын өкүлдөрү жана 41 мамлекеттин 120 эл аралык журналисттеринин өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын максаты баатырларды эскерүү жана 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетине элдик каршылык көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн эл аралык аудиторияга жеткирүү болуп саналат.

Программа ФЕТО террористтик уюму туудурган коркунуч менен күрөшүүдө улуттук биримдиктин, калктын чечкиндүүлүгүнүн жана тилектештигинин ролун белгилейт.

Чет элдик журналисттер ошол жылдардагы окуялардын кесепеттери жана Түркиянын 2016-жылга чейин жана андан кийин ФЕТО менен күрөшүүдөгү кабыл алган чечимдери менен жеринде тааныша алышат.

Күндүн негизги окуясы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын эл алдына чыгып сүйлөгөнү болду. Ал эрктүүлүктүн, эрдиктин жана улуттук биримдиктин символу катары 15-июлдун мааниси тууралуу элге кайрылуу жасады. Коомдун биримдиги жана демократияны коргоо чечкиндүүлүгүнүн аркасында төңкөрүш аракети чечкиндүү түрдө токтотулганын баса белгилеп, ФЕТО жана башка коркунучтарга каршы күрөш уланаарына ишендирди.

Программанын алкагында Анкарада Президенттик комплекске, 15-июль Демократия музейине жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынына баруу камтылган. Ал эми Стамбулдагы катышуучулар 15-июль Мемориалдык музейине жана губернатордун имаратына барышып, бир катар тематикалык сессияларга жана брифингдерге катышышат.