Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/.Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнү украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Түркия Россия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн бардык баскычта колдоорун дагы бир жолу ырастады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эрдоган сүйлөшүүлөрдүн баштоого шарттарды түзүү үчүн ок атышпоо зарыл экенин белгилеп, эки тарапты жаңжалды токтотууга багытталган дипломатиялык диалог үчүн учурдагы мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырды.
Муну менен катар ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн Россия менен Украинанын делегацияларын Түркияда кабыл алууга даяр экенин билдирди.