Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Индонезиянын Ява аралынын батыш бөлүгүндө катуу бороон болуп, 500гө жакын имарат зыянга учурады. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматка ылайык, алардын арасында 63 турак үй олуттуу жабыркаган. Ошондой эле табигый кырсыктан бир нече мектеп, медициналык мекеме жана соода жайлары зыян тарткан.
Азырынча каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.
Бороондон улам Батыш Ява провинциясынын айрым аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда жергиликтүү бийлик кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.