Түркия үч түрдүү смартфон чыгарууга даярданууда

Коом 178 18 Август 2026 15:50
1787038378101741893_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Түркия 2027-жылдын башында өзүндө иштелип чыккан жаңы смартфондорду тааныштырат. Телефондорду ASELSAN, Türk Telekom жана TTT İnovasyon компанияларынын инженерлери биргелешип иштеп чыгууда.

АЗЕРТАЖдын маалыматына караганда, жаңы смартфондор үч түрдүү баа сегментинде чыгарылат. Алар спутниктик байланыш системасы менен жабдылып, табигый кырсыктар, анын ичинде жер титирөө учурунда байланыштын үзгүлтүксүз болушун камсыздайт.

Долбоордун үстүндө үч жылдан бери иш жүрүп жатат. Алгачкы этапта смартфондорду өндүрүү Стамбул шаарында жолго коюлат.

Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлер үчүн маалыматтарды жогорку деңгээлде шифрлөө системасы менен жабдылган атайын смартфондор чыгарылат.

Смартфондор сууга чыдамдуу болуп, түрк программалык камсыздоосу жана маалыматтарды шифрлөө системасы менен камсыздалат. Зарыл болгон учурда алар Түркияда чыгарылган TOGG электромобилинин системасы менен синхрондошо алат.