Бишкек, 18.05.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 14-16-майда Казакстандын Түркстан шаарында “Доорлор жана маданияттар диалогунда Хожа Ахмед Ясавинин мурасы: гуманисттик багыттар жана заманбап чакырыктар” аттуу эл аралык симпозиум өттү. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пленардык сессия жана секциялык отурумдардын алкагында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Иран, Япония, Германия, Индия, Россия, Италия, Кытай жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн келген алдыңкы илимпоздор жана адистер илимий баяндамаларды жасашты.
Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова өз сөзүндө Түркстан шаарынын түрк дүйнөсүнүн руханий борбору катары өзгөчө маанисин белгилеп, улуу ойчул Хожа Ахмет Ясавинин окуусу бүгүнкү күндө да адеп-ахлактык багыт катары кызмат кыла берерин белгиледи.
Ал ошондой эле Түрк маданияты жана мурасы фондунун түрк мурасын сактоо жана жайылтуу багытында жүргүзүп жаткан негизги демилгелерин тааныштырды.