“Түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук музыкалык аспаптары” аттуу китеп жарык көрдү

Маданият Загрузка... 06 Март 2025 12:45
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Түрк маданияты жана мурасы фонду

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. 5-мартта Баку шаарында Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан чыгарылган “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук музыкалык аспаптары” аттуу китептин бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган уюмдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Түрк маданияты жана мурасы фондунун кезектеги масштабдуу долбоору болгон “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук музыкалык аспаптары” китеби 6 түрк тилдүү мамлекеттен келген илимпоздордун, искусство таануучулардын жана музыканттардын биргелешкен ишинин натыйжасында жарык көргөн. Китепте көптөгөн илимий булактардын негизинде түрк тилдүү элдерде эң кеңири таралган жүздөн ашык салттуу музыкалык аспаптар жөнүндө кеңири маалымат берилген. Ал атлас музыка таануучуларга, музыканттарга, фольклористтерге, органологдорго арналган.

“Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова фонддун ишмердүүлүгүнүн акыркы мезгили тууралуу маалымат берди. Ал Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин демилгеси менен Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекет башчыларынын колдоосу менен түзүлгөн Түрк маданияты жана мурасы фонду түрк мамлекеттеринин бай маданиятын жана мурастарын, көп кылымдык тарыхын коргоо, эл аралык дүйнөгө таанытуу жана келечек муундарга өткөрүп берүү багытында иш алып барарын айтты” – деп айтылат маалыматта.