Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Азербайжанга өтөт

Саясат Загрузка... 18 Сентябрь 2025 15:46
68cb7d8873909.jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун кийинки жыйыны Азербайжанда өтүп, төрагалык кылуу да Азербайжан өлкөсүнө өтөөрүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев уюмга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусунда сөз сүйлөп жатып билдирди.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан уюмга төрагалык кылган мезгилде соода-экономикалык байланыштан тартып, энергетика, жашыл экономика, туризм, санариптештирүү сыяктуу бир канча багытта активдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон аракетин жумшаганын маалымдады.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров ушул жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарында ТМУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жыйынына катышкан делегациялардын башчыларын кабыл алуу учурунда уюмга төрагалык кылуу мезгилинде Кыргызстан түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгилеген.

“Биздин өз ара байланышыбыз тышкы саясаттан баштап, соода, энергетика, жашыл экономика, туризм, санариптештирүүгө жана ошондой эле космостук изилдөөлөргө чейинки чөйрөлөрдү камтып, барган сайын кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө Түрк мамлекеттер уюму региондук жана эл аралык туруктуулук архитектурасында өзүнүн салмактуу ордун ээлегенге жетишти”, - деген президент.